Шашылыш эскертүү!
2022-жылдын 17-20-мартында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы сакталып турат. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 18-мартта кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болушу ыктымал. 18-19-мартта Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланат.
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 18-мартта күндүз жана түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 0…5;
Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз -1…+4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2…7, күндүз 1…6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6;
Бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2 градус.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан жаашы, күндүн экинчи жарымында жаан каарга айланышы ыктымал. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5°, күндүзгү жогорку температурасы 3…5° болот.
Facebook шеринеси