Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

Текебаев Германиянын өкүлү менен орус-украин жаңжалынын кесепеттерин талкуулады


Михаэл Хармс жана Өмүрбек Текебаев.
Михаэл Хармс жана Өмүрбек Текебаев.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев менен немис экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору Михаэл Хармстын 16-марттагы жолугушуусунда дүйнөдөгү саясий жана экономикалык абал, Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалдын кесепеттери талкууланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Берлиндеги элчилиги билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн алакасын жакшыртуу, ушул жылдын май айында Бишкекте кыргыз-немис бизнес форумун өткөрүү, Ишкерлер кеңешин түзүү маселесин да ортого салышты.

Текебаев азыркы тапта эки мамлекет ортосунда соода-экономикалык кызматташтыктын потенциалы чоң экенин, ал толугу менен колдонулбай жатканын белгиледи. Германиянын өкүлүнө Кыргызстанда өз ара пайдалуу долбоорлор тууралуу айтып, аларды чогуу ишке ашырууга чакырды.

Хармс жетектеген комитет Германиянын 350дөн ашык орто жана ири компанияларын өз ичине камтыйт. Алар 29 мамлекетте, анын ичинде КМШ жана Борбор Азияда иш алып барат.

Саясатчы Өмүрбек Текебаев быйыл февралда Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG