Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

Өзбекстан Донбасстагы жикчил аймактарды тааныбай турганын жарыялады


Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов.
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Олий Мажлистин Сенатынын 24-отурумунда билдирүү жасап жатып, Украинанын тегерегиндеги суроолорго жооп берди. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы жазды.

“Биринчиден, Украинанын айланасындагы кырдаал Өзбекстандын олуттуу кабатырлануусун жаратат. Экинчиден, биз бул кырдаалда тынчтык жол менен чечим табууну жана жаңжалды саясий-дипломатиялык ыкмалар менен жөнгө салуунун тарапкерибиз. Бирок бул үчүн биринчи кезекте аскердик аракеттер жана зомбулуктар тез арада токтошу керек”,- деди ал.

Министр өз сөзүндө Өзбекстан Орусия менен да, Украина менен да тарыхый ар тараптуу байланыштарга ээ экенин айтып, бул мамилелер мындан ары да улантыла бере тура турганын кошумчалады. Ал Украинадагы оор кырдаалга байланыштуу Өзбекстан аларга гуманитардык көмөк көрсөтүүнү уланта берерин билдирди. Мурдараак Ташкент Киевге 28 тонна гуманитардык жардам жөнөткөн.

Абдулазиз Камилов парламенттеги билдирүүсүндө Украинанын аймагында түзүлгөн жикчил республикалар жөнүндө да суроолорго жооп берди.

“Өзбекстан Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн тааныйт. Биз Луганск жана Донецк “элдик республикаларын” тааныбайбыз”,-деди анда өзбек тышкы иштер министри.

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген. Натыйжада Москва 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва ага чейин Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келген.

Эки аймакты тең Орусиядан башка бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип бир көмүр бассейнинде турганы үчүн Донбасс деп аталат.(ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG