Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Ошто эки окуучу көп кабаттуу үйдөн кулап, бири каза болду


Иллюстрация. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Иллюстрация. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Ош шаарындагы беш кабаттуу үйдүн чатырынан эки окуучу кыз кулап, бирөө каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 17-март күнү болгон. 7-класста чогуу окуган эки кыз Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу №9 үйдүн чатырынан бой таштаган. Кыздардын бири окуя болгон жерде каза болгон, экинчиси оор абалда Ош облустук ооруканасына жеткирилген.

Учурда окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Милиция буга чейин 23-февралда Ошто 13 жаштагы өспүрүм беш кабаттуу үйдөн секирип жанын кыйганын кабарлаган.

Кыргызстанда акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында өз жанын кыйгандар көбөйгөнү байкалууда. Борбор Азияда суицид боюнча Казакстан биринчи орунда, андан соң Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан турат.(ArN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG