Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү, 21-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан бир адам каза болду.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2980 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 9 адам катталды. Алардын баары Бишкек шаарында.
Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 200 818 адам болду.
Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган. Биринчи толкун ошол жылдын июль айына туш келип, күнүнө 2,5 миңдей бейтап катталып жаткан. Оорунун төртүнчү толкуну быйыл январда болуп өттү.
12-марттан тартып коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду. Мындай талап медицина мекемелеринен жана коомдук транспорттон башка жерлерде эми коюлбайт. (RK)