Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын кызматташтыгы талкууланууда


Президент Садыр Жапаров жана Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан бин Абдулла Ал Сауд.
Президент Садыр Жапаров жана Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан бин Абдулла Ал Сауд.

Кыргызстан Сауд Арабиясы менен соода-экономикалык кызматташтыкка, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн арттырууга өзгөчө көңүл бурат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн 21-мартта Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан бин Абдулла Ал Саудду кабыл алганда айтты.

Сауд Арабиясынын министри Бишкекке эки күндүк расмий сапар менен 20-мартта келген.

Президент Сауд өнүктүрүү фондунун өзгөчө ролун белгилеп, анын айыл чарбасы, саламаттык сактоо жана жол инфраструктурасын жакшыртуу долбоорлорун мисал келтирди.

Жолугушууда инвестициялык кызматташтыкты арттыруу, эки өлкөнүн ишкерлери ортосундагы мамилелерди бекемдөө маселелери талкууланды.

Сауд Арабиясынын башкы дипломатын бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да кабыл алып, кызматташтыкты талкуулады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG