Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Орусиялык журналист Украинага жардам берүү үчүн Нобелдин медалын сатарын жарыялады


Дмитрий Муратов Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алып жаткан учуру.
Дмитрий Муратов Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алып жаткан учуру.

Орусиянын “Новая газета” басылмасынын баш редактору, Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси Дмитрий Муратов аталган наамдын медалын аукциондо сатып, түшкөн акчаны украиналык качкындарга, жарадарларга жана ооруканада жаткан балдарга берүүнү чечти. Бул тууралуу басылманын сайтында жарыяланды.

Анда журналист аукцион өткөрүүчү мекемелерге кайрылып, медалды сатып беришин өтүнгөн. Ал ок атышууну токтотууга, туткундарды алмашууга, сөөктөрдү кайтарууга, гуманитардык коридорлорду ачууга жана качкындардын коопсуздугун камсыздоого чакырды.

Дмитрий Муратов Нобелдин Тынчтык сыйлыгын 2021-жылы филиппиндик журналист Мария Ресса менен чогуу алган. Аларды сыйлоо аземи былтыр 10-декабрда Норвегиянын борбору Ослодо өткөн. Нобел комитетинин билдирүүсүндө, журналисттерге абройлуу эл аралык сыйлыкты “демократияга жана тынчтыкка өбөлгө түзгөн пикир эркиндигин коргоодогу аракеттери үчүн” берилген.

Физиология боюнча Нобел сыйлыгынын ээси Жеймс Уотсон өз медалын 2014-жылы 4,8 миллион долларга саткан болчу. Физика боюнча алган медалын Леон Ледерман 2015-жылы 765 миң долларга сатып, дарылануу үчүн жумшаган. Сыйлыктын лауреаттарынын үй-бүлөлөрү да медалдарды ар кандай максаттарда аукциондорго коюшкан, анда алар 395 миң доллардан 2,2 миллион долларга чейин жеткен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG