Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Кыргызстан жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери чек ара тууралуу сүйлөштү


Кыргызстан менен Тажикстандын желеги.
Кыргызстан менен Тажикстандын желеги.

Кыргызстандын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сирожиддин Мухриддин 22-мартта Исламабадда жолугушуп, мамлекеттик чек араны тактоо иштери маанилүү экенин белгилешти.

Эки өлкөнүн башкы дипломаттары Ислам кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин Пакистанда өткөн жыйынынын алкагында жолугушту.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, министрлер жакынкы келечекте жогорку деңгээлдеги иш-чараларды уюштуруу боюнча пикир алмашып, эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын жетекчилеринин деңгээлинде жолугушууларды өткөрүү зарыл экенин белгилешти.

"Руслан Казакбаев да, Сирожиддин Мухриддин да кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун жолугушууларын улантуу маанилүү экенин белгилешти. Мындан тышкары, тараптар эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелерин, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаалды талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.


Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымды түзөт, азыр анын 519у гана такталган. Такталбаган тилкелер эки тараптын ортосундагы ар кандай чыр-чатактарга себеп болуп келет.

2021-жылдын жазында Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, үйлөр, социалдык объекттер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Быйыл, 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жеткен. Ал чатакта Кыргызстандан 12 жаран жараат алса, тажик тарап эки жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын айткан.

12-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу менен коштолгон эки окуядан кийин эки тараптын расмий өкүлдөрү жолугуп, чек арада коопсуздукту сактоону, курал колдонбоону макулдашкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG