Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

"Единая Россия" партиясынын депутаттарына Орусиядан чыгууга тыюу салынды


Орусиянын Мамлекеттик Думасы.
Орусиянын Мамлекеттик Думасы.

Мамдумадагы "Единая Россия" партиясынын депутаттарына фракция лидери Владимир Васильевдин уруксатысыз Орусиянын аймагынан сырткары чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар Васильев кол койгон буйрукка таянуу менен жазып чыкты.

Депутаттар мындан ары чет жакка чыга турган болсо, фракция лидерине арыз жазып, бара турган өлкөсүн, максатын жана кайтып келе турган мөөнөтүн көрсөтүшү керек. Документте бул чектөө кызматтык сапарларга жайылтылбай турганы көрсөтүлөт.

Wall Street Journal басылмасы жазгандай, АКШ Мамдуманын башкаруучу коалициясынын депутаттарына жаңы санкцияларды даярдап жатат. Басылма жалпы 300дөн ашуун депутатка чектөө киргизилиши мүмкүндүгүн маалымдады.

Мурдараак Европа Биримдиги өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялап алган аймактарды Орусиянын таануусуна байланыштуу Мамдуманын 351 депутатына жана жогорку кызматтагы 27 аткаминерине санкция салган. Бул санкцияларды Улуу Британия дагы колдоду. Санкциялар орус аткаминерлеринин Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын аймагына киришине жана алар аркылуу өтүүсүнө тыюу салат. Уюмга мүчө мамлекеттердеги активдери камакка алынат, банктарда эсеп ача албайт.

21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялады. Ошол эле күнү Федералдык Кеңеш орус аскерлерин Донбасста колдонууга уруксат берди. Натыйжада 24-февралда Орусиянын аскерлери Украинанын аймагына басып кирди. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG