Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Ошто Учкун айылынын тургундары коопсуз жайга көчүрүлдү


ӨКМ тараткан видеодон алынган сүрөт.
ӨКМ тараткан видеодон алынган сүрөт.

Оштун Кара-Суу районундагы Учкун айылынын тургундагы туруксуз аба ырайынан улам коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады. Мекеме тараткан видеодо онго жакын чатырларда жергиликтүү тургундар жашап жатканын көрүүгө болот. ӨКМ айылдын канча тургуну көчүрүлгөнүн тактаган жок.

Кыргызстандын аймактарында эки жумадан бери жамгыр, кар жаап жатат. ӨКМ берген маалымат боюнча өлкөдө төрт миңдей үй-бүлө жер көчкү, сел коркунучу бар аймактарда жашайт.

Буга чейин кооптуу жерлерде жашаган 2 миңден ашык үй-бүлөгө коопсуз аймактардан жер жана ссуда берилгени, бирок алар толук көчүп кетпей жатканы кабарланган. Өлкө аймагында жалпысынан жер көчкү, сел коркунучунда турган 1200 аймак бар. Алардын басымдуу бөлүгү Ош, Жалал-Абад облустарында жайгашкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG