Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Президент эл каттоого даярдык көрүү маселесин талкуулады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-мартта Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мекеменин учурдагы ишмердүүлүгү жана 2022-жылы Кыргызстандын калкын жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү маселеси талкууланды.

Мамлекет башчы алдыдагы жараяндын масштабын жана маанисин белгилегенин президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ал коронавирустук пандемия шартында жараяндын бардык катышуучуларынын коопсуздугун жана кыргызстандыктардын жеке маалыматтарынын купуялуулугун камсыздоо зарылдыгын кошумчалады.

Бактыбек Кудайбергенов Улуттук статистикалык комитет эл каттоого толук даяр экенин маалымдады.

Мамлекеттик масштабдагы каттоо өлкө аймагында жашаган калктын расмий санын аныктоо үчүн он жылда бир жүрөт. 2019-жылга пландалган каттоо коронавирус пандемиясына байланыштуу 2022-жылга жылган. Атайын даярдыктан өткөн каттоочулар он күн бою үймө-үй кыдырат. Эгер мурда маалымат кагаз түрүндө толтурулуп келген болсо, бул жолу алар атайын иштелип чыккан мобилдик тиркемеге жүктөп турат.

Каттоодон өлкөдө жашаган ар бир адам, анын ичинде бир жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандар да өтөт.

Элге үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны, билими, тили, жумушу, жаш курагы, жашоо-шарты, киреше булагы, коронавирус, үйдүн дубалдарынын материалы сыяктуу 40ка жакын суроо берилет. Алардын баарына бир үй-бүлөдөн бир эле адам жооп берсе болот.

Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан бери эл каттоо ушуну менен үчүнчү жолу өткөнү жатат. Каттоонун баштапкы жыйынтыгы сентябрь-октябрь айларында, ал эми расмий соңку жыйынтыгы бир жылдан кийин жарыяланат.

Ушу тапта Кыргызстандын калкы 6,5 миллионго чамалады. Акыркы жолу эгемен Кыргызстандын тарыхында эл каттоо 2009-жылы өткөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG