Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Украинага коргонууга жана коопсуздугун бекемдөөгө 6,9 миллиард доллар бөлүүнү сунуштады.
Ак үйдүн 2023-жылдын бюджети боюнча сунушталган документте бул каражат «орус агрессиясына каршы турчу аймактагы өнөктөштөрдүн, НАТОдогу өнөктөштөрдүн күчтөрүнүн даярдыгын жогорулатуу үчүн колдонулат» деп жазылган.
Буга чейин Байден Украинага 13,6 миллиард доллар өлчөмүндө аскердик, гуманитардык жана экономикалык жардам көрсөтүү боюнча мыйзамга кол койгон.
Конгресс бекитип берген каражат Украинанын Куралдуу күчтөрүн колдоого багытталган. Акчанын кайсы бир бөлүгү украин жарандарына, согуштан качкан 3 миллиондой качкындарга гуманитардык жардам берүүгө жумшалат.
Facebook шеринеси