Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Көп кыргызстандык Орусиядан кайтып жатканы маалымдалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар арасында кайра мекенине кайтып, кыргыз жарандыгын алуу үчүн кайрылып жаткандар көп болууда. Бул тууралуу 29-мартта “Азаттыктын” эфиринде Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Улукбек Шүкүрбеков маалымдады.

Бирок, Шүкүрбеков билдиргендей, жарандык маселеси боюнча мыйзамдын 6-беренесинде “башка жарандык” деген түшүнүк бар жана эгер жарандыгын берген башка өлкө мекениндеги каттоодон баш тартууну талап кылбаса кыргызстандыктар өз өлкөсүнүн да жараны болуп эсептеле берет.

Анын айтымында, мисалы, Германия жарандыгын өз өлкөсүнүн жарандыгынан расмий түрдө баш тартып, каттоодон чыккандарга гана берет.

Ал эми Орусия андай талап койбогон өлкө, андыктан, анын жарандыгын алгандар кыргыз жарандыгынан сөзсүз чыгуусу зарыл эмес.

“Башка мамлекеттин жарандыгын алган адам биздеги жарандыктан расмий жарлыктын негизинде чыкпаса ал биздин да жаран болуп эсептелет. Азыр Орусиядан көптөгөндөр келип жатат. “Биз Орусиянын жарандыгын алып алган элек, кайра Кыргызстандыкын кантип алабыз?” деп. 1990-жылдары башаламандык болгондо көпчүлүгү бул жактагы каттоодон чыгып, Орусиянын жарандыгын алып, Кыргызстандыкынан чыкканбыз деп эсептешет. Бирок андай эмес. 6-беренеде “башка мамлекеттин жарандыгын алуу Кыргызстандын жарандыгын токтотууга негиз эмес” деп ачык жазылган”.

Шүкүрбеков “башка жарандык” дегенден тышкары “кош жарандык” деген түшүнүк бар экенин кошумчалады.

Анын айтымында, кош жарандык кайсы бир өлкө менен атайын макулдашуу болсо гана берилет, Кыргызстанда бир да мамлекет менен андай келишим жок.

Кыргызстандын миллионго чукул жараны чет жактарда эмгек мигранты болуп жүргөнү, алардын көбү Орусияда экени айтылып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG