Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Amnesty International уюму лидерлерди сынга алды


Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму саясий лидерлерди жана чоң компаниялардын жетекчилерин материалдык кирешени адамдардан жогору койду деп сынга алды.

29-мартта жарыяланган адам укуктарына арналган жылдык баяндамасында уюм саясий лидерлер жана чоң ишкерлер пандемияны ооздуктоо үчүн куру убадаларды бергени белгиленген.

Amnesty International уюмунун башкы катчысы Аньес Калламардын айтымында, лидерлер теңсиздикти жоюу багытында жакшы иштерди аткарууну убада кылып, андан соң «саткындык жана ичи тардык тууралуу жомоктун каармандарына айланышкан».

Ал ошондой эле коронавирус пандемиясы ансыз да белчесинен жакырчылыкка батып турган мамлекеттерге катуу сокку урганын кошумчалады.

Эл аралык мунапыс уюму Евробиримдик, АКШ жана Британия сыяктуу мамлекеттер вакцинадан жакыр мамлекеттерге каралашуунун ордуна ашкере көп дозаларды кымырып алганын, ал эми ири фармацевтикалык компаниялар акчаны адамдардан жогору койгонун билдирди.

Баяндамада белгиленгендей, 2021-жылдын соңунда Африкадагы 1,2 миллиардай адамдын сегиз пайызга жетпегени гана эмделген.

Ошондой эле уюмдун баяндамасында көп лидерлер пандемияны оппозицияны жана жарандык коомду басууга колдонгону жазылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG