Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Жарандыгы жокторго документ берүү боюнча жумушчу топ түзүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 29-мартта өкмөткө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Расмий маалыматта анда "жыйындын мурдагы протоколунун пункттарынын аткарылышы тууралуу маалымат угулду жана 2022-2024-жылдарга адам укугу жаатындагы пландын долбоору талкууланды", деп айтылат.

Ошондой эле Байсалов жарандыгы жок адамдарга документ берүү маселелерин караган жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын аймагында өзүнүн тек-жайын тастыктаган документтери жок беш миңден ашуун этникалык кыргыз бар экенин билдирген.

Жыл башында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен, 2253 адамга (1724ү чоңдор, 529у балдар) жарандык берилген. Алардын басымдуу бөлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзгөн.

Садыр Жапаров былтыр июль айында этникалык кыргыздарга жана жарандыгы жок кыргыз тектүү адамдарга жарандык берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн убактылуу жобосу тууралуу буйрукка кол койгон. Анда документ топтоп, толтурууда түйшүк жана талап азайган, мындай норма ушул жылдын аягына чейин иштейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG