Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:58

Алматы: Шинжаңдагы туугандарын айтып акцияга чыккандар кармалды


Активисттердин маалымдашынча, жалпысынан беш адам кармалган жана бирөөнүн жанында алты жашар уулу болгон.
Активисттердин маалымдашынча, жалпысынан беш адам кармалган жана бирөөнүн жанында алты жашар уулу болгон.

Казакстандын Алматы шаарында 29-мартта Шинжаңдагы жакындарынын бошотулушун талап кылып Кытай консулдугунун жанына акцияга чыккан адамдарды полция кармап кетти. Жарандык активист Байболат Кунболатулы “Азаттыктын” казак кызматына жалпысынан беш адам кармалганын, бирөөнүн жанында алты жашар уулу болгонун айтты.

Казак полициясы буга байланыштуу комментарий берген жок.

Алматыда былтыр жыл башынан тартып Кытай консулдугунун алдында Шинжаңда расмий Бээжинден запкы жеп, күнөөсүз жерден түрмөгө түшүп же дайынсыз болуп жаткан туугандарын бошотууну жана Казакстанга кайтарууну талап кылгандар маал-маалы менен акцияларды өткөрүп келет. Полиция чогулгандарды бир нече ирет кармап, куугунтуктап, административдик камоого алган учурлар болгон.

Ушул убакка чейин консулдуктан бул акциянын катышуучуларына эч ким чыгып, жооп бере элек.

Эл аралык уюмдар жана Батыш өлкөлөрү Бээжинди уйгур, казак жана кыргыз өңдүү улуттук азчылыктарга каршы саясатын кескин сынга алган. Кытай бийлиги дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG