Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

“Кыргызнефтегаз” былтыр 173,5 миң тонна мунай өндүргөн


"Кыргызнефтегаздын" 85% акциясы Мамлекетттик мүлк фондуна, калганы элге таандык.
"Кыргызнефтегаздын" 85% акциясы Мамлекетттик мүлк фондуна, калганы элге таандык.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясат комитети 29-мартта “Кыргызнефтегаздын” былтыркы иши тууралуу маалыматын укту. Анда ишкананын башчысы Нургазы Нишанов 2021-жылы жалпысынан 173,5 миң тонна мунай өндүрүлгөнүн, бул белгиленген пландан 30 миң тоннага көп экенин билдирди.

Ал маалымат берип жатып “учурда биз айына 15 миң тоннадай мунай өндүрөбүз, бирок биздин мындан эки эсе көп нефть чыгаруу мүмкүнчүлүгүбүз бар”, -деп айтты.

"Кыргызнефтегаз" ишканасынын 85% акциясы Мамлекетттик мүлк фондуна, калганы элге таандык. Ишкана былтыр президент Садыр Жапаров менчиктештирилиши керек деген мамлекеттик мүлктөрдүн тизмесине кирген.

Ушул жылдын башында “Temirov Live” YouTube каналы “Кыргызнефтегазга” караштуу "Кыргыз Петролеум Компаниге" Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарынын катыштыгы тууралуу иликтөө жарыялаган. "Эки күндө 37 млн сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темадагы берүүдө аталган компания мазутту сыртка экспорттоп, эки күндүн ичинде миллиондогон сом тапканы айтылган.

Ишкананын башчысы жана Камчыбек Ташиев коррупция тууралуу дооматтарды четке каккан.

Каналдын автору, иликтөөчү журналист Болот Темиров менен аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров мындан көп өтпөй маңзатка байланыштуу кармалып, нааразылык акциялардан кийин кайра бошотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG