Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:07

Словакия Орусиядан дипломаттардын санын кыскартууну талап кылды


Братиславадагы орус элчилиги.
Братиславадагы орус элчилиги.

Словакия Орусияга Братиславадагы элчилигинин кызматкерлерин 35 кишиге кыскартуу талабын койду. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги мындай чечимге орус дипломатынын аракеттери себеп болгонун 30-мартта билдирди.

Расмий маалыматта орус элчилигинин кызматкерлери дипломатиялык алакаларды тескеген Вена конвенциясына каршы келген аракеттерин улантып жатканы жазылган.

"Соңку эки жылдын ичинде орусиялык дипломаттар өлкөдөн чыгарылгандан кийин деле Орусиянын дипломатиялык миссиясы биздин аймакта туура иш алып барууга кызыкдар экенин көрсөтпөгөнү өкүнүчтүү", - деп белгиленген маалыматта.

Бирок Словакия орус дипломаттарынын кандай иш-аракеттерине нааразы экенин, Орусиянын элчилиги канча убакыттын ичинде кызматкерлеринин санын кыскартышы керектигин так билдирген жок. Бул чечим боюнча азырынча расмий Москва үн ката элек.

14-мартта расмий Братислава Словакиянын коопсуздук кызматтарынын маалыматтарын жүйө келтирип, орусиялык үч дипломатты өлкөдөн чыгарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG