Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

Балыкчы–Кочкор темир жолунун курулушу расмий башталды


Президент Садыр Жапаров "Балыкчы" темир жол станциясында пайдубалга “Мезгил кутучасын” – келечек муундарга кайрылуусун салды.
Президент Садыр Жапаров "Балыкчы" темир жол станциясында пайдубалга “Мезгил кутучасын” – келечек муундарга кайрылуусун салды.

Бүгүн 31-мартта Балыкчы–Кочкор темир жолунун курулушу расмий түрдө башталды. Буга байланыштуу “Балыкчы” станциясында өткөн салтанатту иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, чогулгандар алдында сүйлөгөн сөзүндө жаңы темир жол түйүнүнүн пайдубалы түзүлүп жатканын, ал өлкөнүн келечеги үчүн зор мааниге ээ экенин белгиледи.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, “бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана Жылуулук электр борборун көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече кенинен көмүр ташуу үчүн эң арзан жолду түзүүгө байланыштуу чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ”.

Жаңы темир жолунун курулушу өнөр жай ишканаларын, экономиканы өнүктүрүү, аймактарды транспорттук байланыш менен камсыздоо жана жалпы өлкөнүн бүтүндүгүн чыңдоо сыяктуу бир катар маселелерди да чечери белгиленди.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы жүзөгө ашырып жаткан «Балыкчы–Кочкор–Кара–Кече» (186 чакырым) темир жол долбоорун 2030-жылга карата аяктоо пландалып жатканы, ага кошумча инвестиция тартылбастан, өлкөнүн өз каражаты жумшалары айтылды.

Биринчи этабында 63 чакырымдык Балыкчы–Кочкор тилкесин куруу пландалууда.

Учурда темир жол линиясынын 500 метри төшөлдү. Жылдын аягына чейин дагы беш чакырымга чейинкиси бүткөрүлөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG