Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

«Айыл банкка» 271 миллион сом бөлүнүп берилди


Чүй өрөөнү. Иллюстрациялык сүрөт.
Чүй өрөөнү. Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт "Айыл банкка" 271 миллион сом бөлгөнүн 1-апрелде Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бул каражатты банк фермер-дыйкандарга жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларга лизинг шартында техника, машина берүүгө гана жумшоосу керек.

Лизингдин шарты сом менен жылдык алты пайыз, мөөнөтү жети жылга чейин болот.

Былтыр өкмөт "Айыл банкка" айыл чарба тармагына насыя берүү үчүн 426 миллион сом бөлгөн.

Быйыл 16-февралда өкмөттүн жыйынында сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик банктан айыл чарбага насыя алгандар тыкыр көзөмөлдө болорун, жеңилдетилген шартта берилген акчаны дыйкан-фермерлер максатка ылайык колдонбосо, коммерциялык насыянын шарты менен кайтарып төлөөгө милдеттүү болорун эскерткен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG