Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Өзбекстан Эркечтам–Дароот-Коргон–Үч-Коргон жолун салууга катышуусу мүмкүн


Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулады.

Маалыматта эки өкмөт башчы Эркештам - Дароот-Коргон – Үч-Коргон автожолунун, Кызыл-Кыя шаарындагы чектеш соода логистикалык борборунун курулушун талкуулаганы айтылат. Бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун каражаты колдонулушу мүмкүн.

1-апрелде Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга жумушчу сапар менен келди.

Жапаров менен Арипов эки тараптуу жолугушуу өткөрүп чектеш облустардын акимдеринин кеңешинин төртүнчү жыйынына, Өзбекстандын колдоосу менен Лейлек районунун Маргун айылына салган орто мектептин ачылыш салтанатына видео байланыш режиминде катышты.

Былтыр Өзбекстан Баткен облусунун Лейлек районундагы Самаркандек жана Маргун айылдарына мектеп куруп берери белгилүү болгон.

Өзбекстан Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын имаратын реконструкция жүргүзүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG