Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:17

Кыргыз-өзбек өкмөт аралык сүйлөшүүлөрү өттү


Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов.
Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бүгүн 1-апрелде иш сапар менен Кыргызстанда болду. «Ош» эл аралык аэропортунан өзбек өкмөтүнүн башчысын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Арипов жана Жапаров эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, чек аралаш облус башчыларынын жыйынына, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Маргун айылындагы мектептин ачылыш салтанатына видео байланыш режиминде катышышты.

Акылбек Жапаров «Өзбекстан Кыргызстан үчүн ишенимдүү кошуна, стратегиялык өнөктөш жана бир тууган мамлекет экенин баса белгилегим келет. Биз бир катар багыттар боюнча эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө умтулуудабыз” деп айтты.

Абдулла Арипов ортодогу өнөр жай кызматташтыгы жигердүү өнүгүп жатканын, энергетика, транспорт, логистика тармагында олуттуу биргелешкен долбоорлор жүзөгө ашырылып, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду ишке киргизилгенин кошумчалады.

Эки тараптуу жолугушууда энергетика, айыл чарба, транспорт, чектеш соода жүгүртүү маселелери талкууланды.

Маргун айылына мектеп куруп берүү демилгесин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2021-жылы кыргыз президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга сапары учурунда билдирген. 2021-жылдын июль айында башталган 330 орундуу, жалпы баасы 3,5 миллион долларлык мектептин курулушун өзбек тарап каржылады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG