Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Кыргыз эл артисти Марат Алышпаев дүйнөдөн кайтты


Марат Алышпаев.
Марат Алышпаев.

Кыргыз эл артисти, белгилүү актер Марат Алышпаев 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маалымат Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 5-апрелде аталган театрда өтө турганы белгиленген. Алышпаевдин сөөгү өзү туулуп-өскөн айылына коюлат.

Марат Алышпаев соңку жылдары ооруп жүргөн, 2021-жылы жайында омурткасында шишик пайда болуп операция болгонун "Азаттыкка" курган маегинде билдирген.

Марат Алышпаев 1947-жылы 17-декабрда Ысык-Көл облусунун Саруу айылында туулган. 1972-жылы Орусиянын Москва шаарындагы Луначарский атындагы мамлекеттик театралдык искусство институтун бүткөн. 1972-жылы Ош шаарындагы Кыргыз драма театрында эмгек жолун баштаган. 1991-1997-жылдары Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрын, 2003-жылы Караколдогу Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрын, 2010-2014-жылдары Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрын жетектеген.

Өмүрүнүн соңку жылдары Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында актёр катары эмгектенип келген.

Классикалык чыгармалардан Шекспирдин атактуу “Гамлет” трагедиясында Гамлеттин, "Король Лир", "Ричард III" чыгармаларында башкы каармандарды, Гоголдун "Текшерүүчү" драмасында Хлестаковдун ролун жараткан. 2021-жылы режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан “Акыркы көч” тасмасында башкы ролду аткарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG