Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:54

“Урал аба жолдору” Кыргызстанга жаңы авиакаттамдарды ачууда


Иллюстрациялык сүрөт

Орусиялык “Урал аба жолдору” авиакомпаниясы Кыргызстандын ири шаарларына беш жаңы авиакаттам ачууда.

Бул тууралуу аталган авиакомпаниянын Telegram каналында жазылган. 2022-жылдын жай айларында “Урал аба жолдору” Кыргызстандын ири шаарларына жаңы каттамдарын көбөйтүп, Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары Ысык-Көлгө учактарын жөнөтүп турат.

Маалыматка ылайык, Владикавказ – Ош – Владикавказ рейси ар жума күндөрү, Красноярск – Бишкек – Красноярск ар шаршемби, Самара – Бишкек – Самара бейшемби, Сочи – Бишкек – Сочи ишемби күндөрү, Иркутск – Бишкек – Иркутск ар дүйшөмбүдө жана кайра артка жекшемби күндөрү.

Мындан сырткары аталган авиакомпания Бишкек, Ош жана Тамчы аэропортторуна Орусиянын 13 шаарынан каттап турат.

8-марттан баштап Орусиянын “Аэрофлот” авиакомпаниясы эл аралык каттамдарынын баарын убактылуу токтоткон. 14-марттан тарта Кыргызстанга каттамдарын жанданткан.

Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан кийин бир катар өлкөлөрдүн, эл аралык уюмдардын санкцияларына жана чектөөлөрүнө кабылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG