Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Кыргызстанда эки жылдан бери биринчи жолу COVID-19 катталган жок


Мобилдик топтун дарыгерлери. 21-январь, 2022-жыл.
Мобилдик топтун дарыгерлери. 21-январь, 2022-жыл.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, соңку суткада Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру аныкталган жок. Каза болгондор да катталган жок деди аталган мекеме.

3-апрелде Кыргызстанда 13 адам коронавируска чалдыкканы лабораториялык жактан тастыкталган. Бул күнү коронавирустан Бишкекте бир адам каза болгону кабарланды. 2020-жылдын мартынан бери өлкөдө 200 968 адам COVID-19 вирусу менен ооруду. 196 243 адам сакайып чыкты.

Илдеттен жалпы 2 991 адам көз жумду.

Ушул тапта 147 адам дарыланып жатат. Алардын 57си үйлөрүндө, 90 адам бейтапканада, 6 адамдын абалы өтө оор, 32 бейтаптын абалы оор деп сыпатталууда.

COVID-19 инфекциясы 2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында пайда болуп, кыска убакта дүйнө жүзүн каптаган. Бүгүнкү күнгө чейин оорудан 6 млн. ашуун адам каза болуп, 500 млн. чукул киши вирус жуктуруп алган.

Өлкөдө коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго чукул адам алды, эки доза менен толук эмделгендер 1 миллиондон ашты. Бустердик (үчүнчү) доза 110 миңден көбүрөөк кишиге сайылды. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG