Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

"Грэмми" аземинде Зеленскийдин кайрылуусу көрсөтүлдү


Украин президенти Владимир Зеленскийдин алдын ала жаздырылган видео кайрылуусу"Грэмми"  сыйлыгын тапшыруу аземинде көрсөтүлдү.
Украин президенти Владимир Зеленскийдин алдын ала жаздырылган видео кайрылуусу"Грэмми"  сыйлыгын тапшыруу аземинде көрсөтүлдү.

Украин президенти Владимир Зеленскийдин алдын ала жаздырылган видео кайрылуусу "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземинде көрсөтүлдү. Ал "украин музыканттары смокингдин ордуна ок өтпөс соот кемсел кийип, ооруканаларда жарадар болгондорго ырдап жүрүшкөнүн" белгилеп, музыка коомчулугун "унчукпай турбай, жок дегенде Украинадагы согуш тууралуу чынчыл маалыматтарды айтып чыгууга" чакырды.

Бул жылы АКШнын башкы музыкалык "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземи 4-апрелге караган түнү Лас-Вегас шаарындагы MGM Grand Garden Arena комплексинде өттү. Буга чейин азем жыл башында өтүп жүргөн. Коронавирус пандемиясынан улам артка жылдырылган эле.

Негизги сыйлыктар аталган “Жылдын мыкты үн жазуусу” менен “Жылдын мыкты ыры” номинацияларын Silk Sonic соул тобунун Leave The Door Open чыгармасы жеңип алды.

Музыкант Жон Батист быйылкы "Грэмминин" беш грамофон айкелин алды. Анын ичинде ырчынын Freedom чыгармасына “Мыкты музыкалык клип” номинациясы да кирет.

Буга чейин эле америкалык башка музыкалык иш чараларында баш байгелерди жеңип келген Оливия Родриго “Мыкты жаңы ырчы” наамына ээ болду. 19 жаштагы ырчынын Sour деп аталган дебюттук жыйнагы “Мыкты вокалдык поп-альбом”, ал эми “Айдоочулук күбөлүк” (Drivers License) чыгармасы “Мыкты жеке поп-аткаруу ” номинациясында жеңүүчү аталды.

Рок категориясында Foo Fighters тобунун Мedicine at Midnight жыйнагы эки сыйлыкты алды. Кантри жанрында айтылуу Крис Стэплтондун Starting Over жыйнагы, жаз жанрында Чик Кориа “Мыкты жаз импровизациясы” деген сыйлыктарды алды.

"Грэмми" сыйлыктарын америкалык үн жазуу академиясы 1958-жылдан бери ыйгарып келет. Быйыл Грэмми сыйлыктары 86 категорияда ыйгарылды. (SA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG