Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Октябрь окуялары боюнча сот ачык өтүп жатат


Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязовдун соту. Бишкек, 4-апрель, 2022-жыл
Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязовдун соту. Бишкек, 4-апрель, 2022-жыл

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылдын Октябрь окуялары боюнча жараянды ачык карап жатат.

Алмазбек Атамбаев сотто журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, ага жасалып жаткан мамилени "майдачылдык" деп атады. Ал анын түрмөдөгү шарты Сооронбай Жээнбеков тушундагыга караганда жакшы экенин айтты.

Адвокат Замир Жоошев сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатат. Атамбаевди сот залына мажбурлап алып келишкен.

2020-жылдагы Октярбрь окуяларына байланыштуу жазык кылмыш кодексинин бир нече беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, анын негизинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Темирлан Султанбеков, Жениш Молдокматовго айып тагылган.

Ушул эле иш боюнча Өмүрбек Бабановго карата да кылмыш иши козголуп, бирок өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда президенттик аппаратты жетектеген Фарид Ниязовдун абактагы мөөнөтү 11-февралда эки айга узартылган. Фарид Ниязов ага тагылган айыптарды негизсиз деп атап келет. Сот залында Курсан Асанов да бар. Ал ИИМдин имаратын басып алууга айыпталып жатат.

Буга чейин 23-мартта Атамбаев сот имаратына жеткирилгени менен машинеден чыгуудан баш тартып, отурум 30-мартка калтырылган. Анын адвокаты жана жакындары ал сотко мажбурлап жеткирилгенин, жараат алып, денеси көгөргөнүн айтып чыгышкан.

Президент Садыр Жапаров Атамбаевдин тегерегиндеги талкуу боюнча Фейсбуктагы баракчасына пикирин жазып, мыйзам алдында баары бирдей экенин, жоопкерчиликке тартылган жаран ак экенин сотто далилдеши керектигин билдирген. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG