Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:11

“Ихсан” кооперативинин мүчөлөрү нааразылык акциясына чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

“Ихсан” турак жай кооперативинин мүчөлөрү 4-апрелде ишкананын Бишкектеги кеңсесине чогулду. Алар каражат берип, бирок кезеги келгенине карабай турак жай ала албай калганын билдирип жатат. Айрымдары “Ихсандан” акчасын кайтарып берүүнү талап кылышты.

Кооперативдин өкүлдөрү нааразылык тууралуу комментарий бере элек.

Буга чейин бир нече турак жай кооперативдерине да ушундай эле нааразылыктар айтылып, милицияга арыздангандар болгон. Бишкекте "Белый Дом Кейжи" ("Ак үй Кейжи"), Ошто S-LINE турак жай кооперативинин жетекчилери алдамчылыкка шектелип кармалганын милиция кабарлаган.

Шектүү тарап комментарий берген эмес.

Расмий маалыматка караганда, турак жайга муктаж катары мамлекеттик ипотекалык компанияга жана турак жай кооперативдерине 50 миңден ашык үй-бүлө кайрылган.

Кыргызстанда иаштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны жетимиштин тегерегинде деп эсептелет. Улуттук банк адамдардан каржылык салымдарды чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен.

Өлкөдө кооператив аркылуу үй алгандар да бир топ.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG