Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:03

Казакстанда азык-түлүк кымбаттады


Алматыдагы базар.
Алматыдагы базар.

Казакстандын Стратегиялык пландоо жана реформалар агенттигинин улуттук статистика бюросу былтыркы марттан бери азык-түлүк 15 пайызга кымбаттаганын маалымдады. Ага ылайык, кумшекердин баасы 51,5 пайызга, жашылча 44%, картөшкө 37,8 пайызга өскөн.

Март айында күнүмдүк керектөө товарларынын жылдык инфляциясынын деңгээли 12 пайыз болду. Салыштыруу үчүн февралда 3,3%га азыраак эле.

Баалар өсө баштаганда, 14-мартта казак өкмөтү экономикалык абалды көзөмөлдөп турганын, ар кандай сценарийлер каралып жатканын билдирген. Атап айтканда, бааларды кармап туруу үчүн инфляцияны төмөндөтүү, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү, монополияга каршы жана тышкы сооданы тескөө аракеттери көрүлгөнү айтылган.

Муну менен катар бийлик элди дүрбөлөңгө түшпөөгө, расмий маалыматка гана ишенүүгө чакырган.

Кыргызстандын Министрлер кабинети быйылкы жылга карата антикризистик иш-чаралардын планын бекитип, аны аткаруу үчүн 126 миллиард сом бөлгөн Анын 2 млрд. сому пенсияны көбөйтүүгө, 32 млрд. 900 млн. сому мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө, 26 млрд. сому айыл чарба насыяларына, 7 млрд. 200 млн. сому ишкерлерге насыя берүүгө жана бюджет аркылуу доллар менен берилген кредиттерди сомго которууга 36 млрд. сом бөлүнөрү айтылган.

XS
SM
MD
LG