Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Равшан Жээнбеков уулуна өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын билдирди


Азат Равшан.
Азат Равшан.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) уулу Азат Равшандын Кыргызстандан чыгышына тыюу салганын билдирди. Анын айтымында, атайын кызмат мындай чечимдин себебин түшүндүргөн эмес.

УКМК бул маалыматка азырынча комментарий бере элек.

15 жылдай убакыттан бери АКШда жашап, иштеп жүргөн Азат Равшан атасы камакка алынганда Кыргызстанга келип, жумушун үйдөн улантып жүргөнүн маалымдады.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган. Бирок, "үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алынган. 2021-жылдын декабрында бошотулган.

Ал ээлик кылган Next TV каналынын үстүнөн "такталбаган маалыматты таратты" деген негизде быйыл марттын башында кылмыш иши козголуп, териштирүү уланууда. Азат Равшан 1-апрелде УКМКга күбө катары сурак берип чыккан.

Жээнбеков өзү жана медиа коомчулук муну сөз эркиндигине кысым деп бааласа, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалыматтарды таратууда этият болууну жана эрежелерди сактоо керектигин белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG