Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:41

Президент чыгымдарды азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып, чыгымдарды азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырды. Мамлекет башчы бүгүн, 4-апрелде социалдык тармакта эмгектенген кызматкерлердин республикалык жыйынында сүйлөп жатып азыр абал оор экенин, бардык жерде баалар өсүп, кымбатчылык болуп жатканын айтты. Дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам, кырдаал мындан да начарлап кетиши мүмкүн экенин эскертти.

"Эң зарыл деген нерселерге акча табуу кыйындап баратат. Дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам, кырдаал мындан да начарлап кетиши мүмкүн. Биз буга даяр болушубуз керек. Баарыңыздардан чыгымдарды кайра карап чыгып, кымбат буюмдарды сатып алууну кийинкиге жылдыра туруп, той-топурду азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырам", - деди Жапаров.

Бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлдеги эң негизги маселе бул азык-түлүк коопсуздугу экенин кошумчалады.

Мамлекет башчы өз сөзүндө 309 миңдей социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысы дээрлик 100% чейин жогорулаганын, алар 1-майдан тартып жогорулатылган айлык акыны ала баштай турганын билдирди.

Президенттин айтымында, эгерде Аламүдүн райондук борбордук китепкананын жетектөөчү адисинин айлык акысы мурда 10 875 сом болсо, эми 1-апрелден баштап анын айлык акысы 21 845 сомго, 2 эсеге көбөйөт.

Ал эми Нарындагы мамлекеттик облустук тарыхый-этнографиялык музейдин жетектөөчү илимий кызматкери мурда 17 550 сом алса, эми 33 222 сом алат. Айлык менен кошо бийик тоолуу жерлер боюнча кошумча үстөк толук сакталып калган. Ош шаарындагы Бабур атындагы мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын актёру мурда 17 700 сом алса, эми 28 239 сом айлык алат. Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын жетектөөчү адиси мурда 9 миң сом айлык акы алып келсе, эми 1-апрелден баштап 20 444 сом алат.

Мындан сырткары Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин кызматкерлеринин айлык акысы дагы орточо 2 эсеге, саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акы фондусу орто эсеп менен 50 пайызга жогорулаган. Муну менен катар президент категориялар үчүн төлөмдөрдү сакталып каларын кошумчалады.

"Маселен, Сузак районунун №15 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы 32 жылдык стажы бар үй-бүлөлүк дарыгер мурда 17 500 сом алып келген болсо, мындан ары ал 25 718 сом ала баштайт. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын 14 жылдык стажы бар медайымы 1-апрелге чейин 11 миң сом алса, ушул айдан тарта 17 миң 248 сом ала баштайт", - деди Жапаров.

Орусия өкмөтү 11-марттан дан азыктары менен кумшекерди Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө экспорттоого тыюу салгандан кийин Кыргызстанда айрым азык-түлүктүн баасы кымбаттады.

Дүң базарлар менен ири дүкөндөрдө керектөөчүлөрдүн узун кезеги жаралып, текчелерде ун, өсүмдүк майы, кумшекер өңдүү азыктар калбай калган. Расмий бийлик кампаларда азык-түлүктүн 5 жарым айга жетерлик кору бар экенин айтып, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG