Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Венгриядагы шайлоодо премьер-министр Орбандын партиясы алдыга чыкты


Виктор Орбан.
Виктор Орбан.

Венгриядагы парламенттик шайлоодо бюллетендердин жарымынан көбү саналып бүткөндөн кийин премьер-министр Виктор Орбандын башкаруучу "Фидес" партиясы алдыда баратканы белгилүү болду.

Алдын ала жыйынтыктар жарандардын 67 пайыздан ашыгы "Фидес" жана ага өнөктөш Христиан-демократиялык элдик партиясына добуш бергенин көрсөттү. Шайлоочулардын 31 пайыздан ашыгы алты партиядан турган оппозициялык “Венгрия үчүн биригүү” альянсы үчүн добушун берди.

Венгриянын парламентинде 199 орун бар. Алдын ала маалыматтарга караганда, Орбандын партиясы жана өнөктөштөрү 134 мандатка, оппозиция 58 мандатка ээ болууда.

Жалпы шайлоочулардын 63 пайыздан ашыгы добуш берди.

Венгрияда парламенттик шайлоо менен катар ЛГБТ өкүлдөрүнө карата мамиле жана сексуалдык билим берүүгө байланыштуу референдум өттү. Добуш бергендердин басымдуу бөлүгү, мектептерде ата-эненин макулдугусуз сексуалдык ориентация боюнча сабактарды өткөрүүгө, ошондой эле жашы жете электердин жынысын алмаштырууга каршы чыгышкан.

Чектеш Украинадагы окуялар шайлоо алдында эң негизги темага айланды. Орбан Киевди колдосо дагы "Венгрия согушка аралашпайт" деген жүйө менен кошуна мамлекетке курал-жарактан каралашуудан баш тартты.

Анын мындай чечими оппозициянын сынына кабылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG