Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Украинанын президенти Зеленский Орусияны геноцидге айыптады


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияны геноцидге айыптады. “Америка добушу” радиосу маалымдагандай, CBS телеканалына берген интервьюда украин лидери:

"Бул – чыныгы геноцид. Бир улутту жана элди жок кылуу”,-деп айтты.

Анын алдында айтылган расмий маалыматка ылайык, украин армиясы орус аскерлеринен бошотулган Бучада карапайым тургундардын сөөктөрүн табышкан. Орусиянын Коргоо министрлиги айыптоолорду четке кагып, Киев тараткан сүрөт, видеолорду “кезектеги чагым” деп сыпаттады.

Human Rights Watch укук коргоо уюму “орус аскерлери согуштун мыйзамдарын бузган бир нече учурду каттаганын” билдирди. Сөз Чернигов, Харьков жана Киев облустары тууралуу жүрүүдө.

Зеленский орус куралдуу күчтөрүн катуу сындап, Кремлдин лидерлерин Бучага келип, согуштук аракеттердин кесепеттерин өз көзү менен көрүп кетүүгө чакырды. Анын айтымында, орус аскерлеринин Украинадагы аракеттери үчүн президент Владимир Путин жана орусиялык аскер адамдары жооп бериши керек.

Батыш лидерлери бучада жайкын тургундардын сөөктөрү табылганы тууралуу маалыматтарды айыптоо менен кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG