Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Эртең кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат


Нарын - "Торугарт" өткөрүү пункту. 18-июнь, 2021-жыл
Нарын - "Торугарт" өткөрүү пункту. 18-июнь, 2021-жыл

5-апрелде кыргыз-кытай чек арасы коңшу өлкөдөгү майрамга байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытай тараптын демилгеси менен Цинмин фестивалын (Эскерүү күнү) майрамдоого байланыштуу Торугарт жана Эркеч-Там өткөрмө бекеттери автоунааларды жана жүктөрдү өткөрүүнү убактылуу токтотот.

Өткөрүү пункттары 6-апрелден тарта кадимкидей иштей баштайт.

Нарындын “Торугарт” өткөрмө бекети аркылуу Кытайдан күнүнө 100 жүк ташуучу автоунаа чыга баштаганын 24-мартта президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдаган.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстандын жүк ташуучу автоунаалары үчүн Кытай менен чектеш жерде жүк жүктөөчү жай уюштурулган. Ал жерге чейин Кытайдын жүк ташуучулары контейнерлер менен товар алып келип беришет.

Буга чейин өкмөт Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кара жол аркылуу ташылган жүктүн көлөмү пандемияга чейинки мезгилдеги көрсөткүчкө жеткенин билдирген. Негизги соода өнөктөш болгон Кытай менен товар алмашуу "Торугарт" жана Оштогу "Эркеч-Там" өткөрүү пункту аркылуу жүргүзүлөт. Пандемияда бул чек ара бекеттеринен отузга жетпеген автоунаа өтүп калган. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG