Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Ошто баңгизат ташыган милиция кызматкерлери кармалды


Милиция кызматкерлеринен табылды делген баңги заты. Сүрөт УКМКга таандык.
Милиция кызматкерлеринен табылды делген баңги заты. Сүрөт УКМКга таандык.

Ошто 2-апрелге караган түнү мыйзамсыз баңги затын ташыган милиция кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маалымат таратты.

Ага ылайык, бир килограмм салмактагы өзгөчө жыты бар баңги затын бекитип таркатып жүргөн жеринен Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн (УККБ) башчысы, милициянын подполковниги 40 жаштагы А.У.К. жана ошол башкармалыгынын (ИИБ) Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн (МККБ) кенже инспектору 24 жаштагы Т.у.А. кармалган.

Аталаган факты Кылмыш-жаза кодексинин "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

2020-жылы баңгизаттарына байланыштуу 795 кылмыш иш катталып, күч органдары 4 тонна 943 килограмм баңгизатын алган. 2021-жылы болсо 990 кылмыш катталып, 4 тонна 202 килограмм маңзат алынган.

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 10 интернет дүкөнүнүн уюштуруучуларын кармап, 19 дүкөндүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын билдирүүдө. (KS/AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG