Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды


Нурил Алымбаев.
Нурил Алымбаев.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Нурил Алымбаев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Жаңы жетекчини жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырды.

"Жаңы жетекчинин алдында президенттин жарлыктарын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин мындан ары ишке ашыруу үчүн көп түйшүктүү иштер турат. Аймактын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн чечкиндүү жана натыйжалуу кадамдарга барып, инвестицияларды тартуу жана өндүрүштөрдү түзүү керек. Эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн бардык ыйгарым укуктар бар", - деп белгиледи Жапаров.

49 жаштагы Нурил Алымбаев өткөн жылдын жай айларынан бери президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматын аркалап келген.

Аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындоо жөнүндө жарлыктарга президент кол коет. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG