Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

HRW орус аскерлеринин согуш кылмыштары тууралуу докладын жарыялады


Буча шаары. 3-апрель, 2022-жыл
Буча шаары. 3-апрель, 2022-жыл

Human Rights Watch (HRW )укук коргоо уюму Украинанын орус аскерлеринин убктылуу көзөмөлүнө өткөн аймактарындагы, тагыраагы, Чернигов, Харьков жана Киев облустарындагы согуш кылмыштары тизмектелген докладын жарыялады.

Баяндамада айтылгандай, 4-мартта орус күчтөрү Киевдин жанындагы Буча шаарчасында 5 эркек кишини кармап, бирөөнүн көзүн тазалашкан. Күбөлөрдүн бири аскерлер тынч тургундарды жолдун боюна чөгөлөтүп, баштарын футболкалары менен чүмкөп алуу буйругун бергенден кийин бирөөнү желкесине атып өлтүрүшкөнүн айтып берген.

Анын айткандары бир нече кишинин сөөктөрү кандай абалда табылганын сүрөттөгөн маалыматтарга дал келет.

6-мартта Ворзел деген жерде орус аскерлери аткылоодон качкан тургундар жашырынган жертөлөгө түтүн шашкасын ыргытышкан. Алар сыртка чыга качканда аскерлер бир аялды 14 жаштагы баласы менен кошо атып салышкан. Бул маалыматты маркумдар менен чогуу жашынып отурган бир киши берген.

Муну менен катар HRW Харьков облусунда кеминде бир аялдын зордукталганын каттады.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон уюм тактаган “атайлап жасалган ырайымсыздык жана зомбулук согуш кылмыштары катары иликтенүүгө тийиш” деп билдирди.

3-апрелде эртең менен журналисттер жана украин бийлиги Буча шаарынын көчөлөрүнөн ондогон карапайым кишинин сөөктөрү табылганын билдиришкен. Бир катар маалымат каражаттары жарыялаган сүрөттөрдө кээ бир кишилердин колдору байланганын көрсө болот.

Орусиянын Коргоо министрлиги айыптоолорду четке кагып, Киев тараткан сүрөт, видеолорду “кезектеги чагым” деп сыпаттады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG