Кыргыз Эл акыны Омор Султанов жана Кыргыз Эл артисти Марат Алышпаев Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Султановду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 5-апрелде саат 10:00дө Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында болот. Алышпаев менен коштошуу зыйнаты ушул күнү саат 13:00дө Улуттук филармонияда өтөт.
Омор Султанов 3-апрелде, Марат Алышпаев 4-апрелде дүйнөдөн кайткан.