Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Кумтөр кени боюнча Centerra Gold менен келишимге кол коюлат


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

Бүгүн, 4-апрелде Кыргызстан канадалык Centerra Gold компаниясы менен өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча келишимге кол коет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык кызматкерлердин республикалык жыйынында билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, кол коюу кечки саат 18:30да түз эфирде көрсөтүлөт.

"Тынч, эч кандай соттошуусу жок ажырашып жатабыз. Биздин пайдабызга чечилип жатат. Кумтөр жана андан башка 30дан ашуун алтын кен чыккан бош жаткан жерлерибиз бар. Бардыгын мамлекеттин менчиги катары өзүбүз иштетебиз деп, "Көчмөндөр мурасы" аттуу холдинг түзгөнбүз, ошол кендердин бардыгын өзүбүз ачабыз. Кумтөр сыяктуу алтын кендерди өзүбүз иштеткен үчүн, ишенген үчүн айлык акыларды көтөрүп жатабыз", - деди Жапаров.

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү былтыр, 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Буга компания экологиялык эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз катары көрсөтүлгөн.

“Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, Кыргызстандын бийлигин Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Андагы соттук териштирүүлөр азыр да уланууда. Бирок тараптар талашты тынчтык жолу менен да чечүүгө аракет кылып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG