Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:08

Тегеран өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүдө Вашингтонду айыптады


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик

Ирандын Тышкы иштер министрлиги "өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү создукутуруп жатат" деп АКШны айыптады. Министрликтин басма сөз катчысы Саид Хатибзадех "Тегеран түбөлүккө күтүп отура бербесин" билдирди. Анын айтымында, 2015-жылкы келишимди жандандыруу багытындагы бир нече айлык аракеттер акыркы мүнөттө үзгүлтүккө учурап кала жаздады.

АКШ Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Нед Прайс 22-марттагы брифингде "Тегеран татаал деп эсептеши мүмкүн болгон чечимдерди” кабыл алууга тийиш деп айткан.

Маалыматтарга караганда, Тегерандын Ислам революциясынын сакчылар корпусун чет өлкөлүк террорчу топтордун тизмесинен алып салуу талабы эң чоң тоскоолдук болууда. Ислам жумуриятынын куралдуу күчтөрүнүн сөз болгон бөлүгү өлкө экономикасында чоң роль ойнойт.

Ислам революциясынын сакчылар корпусун кара тизмеден алуу негизги талап экенин айтууда. Вашингтон бул маселеге түз комментарий берген жок. Буга чейин ал аскердик бөлүккө салынган санкциялар өзөктүк келишимде кала берерин билдирип келген.

АКШ Ислам революциясынын сакчылар корпусун региондогу согушкер топторду колдойт жана бейстабилдүүлүктү жаратат деп айыптап жүрөт.

Иран 2015-жылы АКШ, Британия, Германия, Кытай, Орусия, Франция менен кол койгон документке ылайык, Тегеран атомдук программасын чектемек, бул үчүн санкциялар бара-бара алынмак. Бирок Кошмо Штаттардын ошол кездеги президенти Доналд Трамп "Тегерандын өзөктүк куралга жетүүсүн алдын алуу үчүн чаралар жетишсиз, Иран аймактагы экстремисттик топторду колдоп жатат" деген жүйөө менен 2018-жылы келишимден чыгып кеткен.

Өзөктүк куралга умтулат жана эстремисттерди колдойт деген айыптоолорду чекте каккан Иран документте каралган айрым милдеттенмелерин аткаруудан баш тарткан.

Келишимди калыбына келтирүүнү көздөгөн көп тараптуу сүйлөшүүлөр айлампа менен Вена шаарында жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG