Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:07

БУУ: Украинада 1400дөн ашуун жай тургун каза тапты


Украинаны колдоо акциясы. ЮНИСЕФтин Нью-Йорктогу кеңсесинин алды. 17-март, 2022-жыл
Украинаны колдоо акциясы. ЮНИСЕФтин Нью-Йорктогу кеңсесинин алды. 17-март, 2022-жыл

Орусия кол салган 40 күндөн бери Украинада бери дегенде 1417 карапайым кишинин, арасында 121 баланын каза тапканы тастыкталды. Жарадар болгондордун саны мындан да көп. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын кеңсеси билдирди. Ал эми украин Башкы прокуратурасы 160 баланын өмүрү кыйылганын маалымдады.

"Настоящее Время" каналы кабарлагандай, БУУ адам өлүмүнө оор артиллериядан, ракеталардан аткылоо, авиа соккулар, бомбалоолор алып келгенин белгилейт.

Бул статистикада орус аскерлери чегингенден кийин табылган сөөктөр камтылганбы же жокпу, докладда айтылган эмес.

Украинаны башкы прокурору Ирина Венедиктова билдиргендей, Киев облусунда орус армиясынан бошотулган райондордо 410 карапайым кишинин сөөгү табылды.

Журналисттер жана украин бийлиги Буча шаарынын көчөлөрүндө ондогон карапайым кишинин сөөгү жатканын, айрымдары чогуу же жарым-жартылай көмүлгөнүн билдиришкен. Бир катар маалымат каражаттары жарыялаган сүрөттөрдө кээ бир кишилердин колдору байланганын көрүүгө болот.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусияны геноцидге айыптады. Батыш өлкөлөрү мындай согуш кылмыштарын иликтөөгө, айыптууларды жоопко тартууга чакырышууда.

Орусиянын Коргоо министрлиги айыптоолорду четке кагып, Киев тараткан сүрөт, видеолорду “кезектеги чагым” деп сыпаттады.

XS
SM
MD
LG