Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Рим папасы Франциск "Бучадагы кыргынды" айыптады


Рим папасы Франциск. Ватикан, 6-апрель 2022-жыл
Рим папасы Франциск. Ватикан, 6-апрель 2022-жыл

Рим папасы Франциск "Бучадагы кыргынды" айыптады. 6-апрелде Ватикандагы аудиенцияда Бучадан алынып келген желекти кармап туруп:

“Украинадагы согуш майданынан үмүт жараткан жаңылыктар эмес, Бучадагы ырайымсыздыктар өңдүү үрөй учурган кабарлар түшүүдө”,-деди.

Папа украиналык качкын балдарды кабыл алган кезде алар согуштун айынан коопсуз жай издеп үйлөрүнөн качканын, бейкүнөө кишилердин каны төгүлүп жатканын айтты.

Украин армиясы Бучаны орус аскерлери чегингенден бир нече күндөн кийин, апрелдин башында кайтарып алган. Күбөлөр жана украин бийлиги ал жерде жай тургундардын сөөктөрү табылганын айтып беришкен. Спутниктен тартылган сүрөттөрдө массалык көрүстөндөр марттын аягында эле бар болгону көрүнүп турат.

Украин президенти Владимир Зеленский муну “согуш кылмыштары”, “геноцид” деп сыпаттады.

Москва орус аскерлери Украинадагы тынч тургундарга мыкаачы мамиле кылууда деген маалыматтарды калп, чагым деп атап келатат.

Өз сөзүндө Орусияны түз атабаган Франциск Украинадагы окуяларда “БУУ өзүнүн алсыздыгын” көргөзүүдө деп белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG