Мас абалында "Субару Форестер" үлгүсүндөгү автоунаасын айдап баратып жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалып, убактылуу тергөө абагына камалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Бишкек милициясы кабарлады.
Окуя 7-апрелде эртең менен болгон. Айдоочу бир нече жолу жол эрежесин бузуп, качып бараткан учурда Киев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен 26 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Кыз оор абалда ооруканага жеткирилип, алган жараатынан улам каза болгон.
Айдоочуну текшерүү учурунда Бишкек шаарынын 27 жаштагы В.Т. аттуу тургуну спирттик ичимдик ичкени аныкталды. Кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Машине айып аянтчага токтотулуп, тергөө иштери жүрүп жатканын милициянын маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстанда 2021-жылы 7 миңге жакын жол кырсыгы катталып, 2020-жылга салыштырмалуу 22% көбөйгөн. Былтыр 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жараат алган.