Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:19

Британ премьери Борис Жонсон Киевге күтүүсүз сапар менен барды


Борис Жонсон менен Владимир Зеленский.
Борис Жонсон менен Владимир Зеленский.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 9-апрелде күтүүсүз сапар менен Украинага барды.

Украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Жонсон, Лондон Киевдин коргонуусу үчүн 120 бронетехника жана кемеге каршы жаңы ракеталык система берерин айтты.

​Жума күнү Британиянын премьер-министри Краматорск шаарындагы темир жол бекетин аткылоого жооп катары Украинага кошумча 100 миллион фунт стерлинг аскерий жардам жөнөтөрүн билдирген. Курал-жарактарды жеткирүүгө танкка каршы жана зениттик-ракеталык комплекстер, ошондой эле камикадзе дрондору кирет.

Эки өлкөнүн лидерлери Киевдин борборун кыдырып чыгышты.

"Президент Зеленскийдин ишенимдүү лидерлиги жана украин элинин табылгыс эрдиги менен каармандыгынын аркасында Путиндин коркунучтуу пландары ойрон боло баштады", - деген Жонсон.

Жонсондун Украинага сапары алдын ала жарыяланган эмес. Буга чейин орус аскерлери Киев аймагынан чегингенден кийин Украинага европалык расмий өкүлдөр барышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG