Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Боррел Орусияга дагы санкциялар салынышы ыктымалдыгын билдирди


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел. 8-апрель, 2022-жыл.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел. 8-апрель, 2022-жыл.

Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел 11-апрелде билдиргендей, Украинага кол салганы үчүн Орусияга каршы дагы санкциялар салынышы ыктымал.

Люксембурдагы шаркетке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынына келгенде Боррел журналисттерге "даяр санкциялар ар дайым столдун үстүндө" деди.

27 мамлекеттин айрымдары орус мунайынан толугу менен баш тартууга чакырышкан. Башкалары бул кадам экономикага кедергисин тийгизет деген жүйө менен карманып турушат.

Ал арада Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Хан менен жолугуп, Украинада орус аскерлери барган ыктымал согуш кылмыштарын талкуулашат.

Москва карапайым тургундарга сокку урганын четке кагып келет, анткен менен Украинада карапайым адамдарга каршы жасалган аёосуз мамилелерди далилдеген көп видео-сүрөттөр чыгып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG