Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Чек ара: тажик тарап минометтон аткылоону токтоткону, жараат алган аскердин абалы оор экени айтылды


Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылы. Баткен облусу.
Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылы. Баткен облусу.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы 12-апрелде саат 22.15те тажик тарап Баткендин "Достук" айылын миномет менен аткылоону токтотконун билдирди.

Маалыматка караганда, эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү уланууда.

Чыр-чатакта жаракат алган кыргызстандык чек арачынын абалы оор экени кабарланды. Ал Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген, азыр дарыгерлер аны операцияга даярдап жатышат.

Акыркы кабарда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалган абалда деп бааланды.

Тажикстан тараптан окуя боюнча расмий комментарий боло элек.

Кыргызстандын расмий маалыматына караганда, бүгүн, 12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында эки жолу ок атышуу болду. Алгач Лейлек районунун Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу катталып, баштапкы маалымат боюнча тажик тараптан бир чек арачы жараат алганын кабарланган.

Лейлек районунун Селкана аймагында коңшу мамлекеттин чек арачылары Кыргызстандын аймагына жыйырма метрдей кирип келгени, алар "чек ара сызыгынан өтпөгүлө" деген эскертүүгө баш ийбегени, натыйжада Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок атканы, буга жооп иретинде тажик чек арачылары Кыргызстандын аскерлерине ок чыгарганы айтылган.

Мекеме андан кийин сүйлөшүү болгонун, анын натыйжасында ок атышуу токтоп, абал турукташканын маалымдаган.

Бирок 21.17 чамасында чек арада кайрадан курал колдонулган чатак орун алганын, тараптардын сүйлөшүүлөрү учурунда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз тарапка ок чыгарышканын билдирген.

Кайрадан ок атышуу орун алып, ал 30 мүнөткө созулганы, анда кыргыз тараптан бир чек арачы жараат алганы, тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылай баштаганы белгиленген эле.

Чек ара кызматы тажик тарапты чек арада кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө жана жергиликтүү жашоочуларды аткылоону токтотууга чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG