Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Өзбекстан Фергана өрөөнүндө эл аралык аэропорт курууну пландап жатат


Самарканддагы эл аралык аэропорт
Самарканддагы эл аралык аэропорт

Өзбекстандын үч облусунун ортосунда, Фергана өрөөнүндө жаңы эл аралык аэропорт куруу пландалып жатат. Президенттин басма сөз кызматы 11-апрелде Шавкат Мирзиеев коммуналдык тармакты жана транспортту өнүктүрүү презентациясы менен таанышканын билдирди.

Маалыматка караганда, Анжиян, Наманган жана Фергана аэропорттору шаарлардын ичинде, имараттардын арасында орун алган, аларды кеңейтүү мүмкүн эмес. Жакын арада жаңы аэропорт боюнча сунуш каралып, курулуш тууралуу чечим кабыл алынмакчы.

«Ташкент» аэропортун эл аралык хабга айландыруу, «Навои» аэропортун жүк ташыган түйүн кылуу, ал эми Самарканд жана Бухарадагы аба майдандарын туристтик тармакка адистештирүү каралууда», - деп билдирди өзбек президентинин басма сөз кызматы.

Өзбекстан буга чейин 2035-жылга чейин аэропортторду өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG