Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:47

Былтыр 77 жаран чет өлкөдөн кармалып, Кыргызстанга алып келинген


Башкы прокуратуранын имараты.
Башкы прокуратуранын имараты.

Баш прокурор Курманкул Зулушев 2021-жылы издөөдө жүрүп, Кыргызстандан кармалган он бир чет өлкөлүк жаран кылмыш жообуна тартуу үчүн башка мамлекеттерге өткөрүлүп берилгенин айтты.

Маалыматка ылайык, издөөдө жүрүп, чет өлкөлөрдө кармалган 77 жаран Кыргызстанга алынып келинген.

Андан сырткары чет өлкөдө соттолуп, камалган 66 жаран Кыргызстанга өткөрүлүп, жазасын бул жактан өтөй турган болгон. Алардын 54ү Орусиядан, он экиси Казакстандан алынып келинген.

Орусиянын тергөө абактарында жана жаза өтөөчү жайларында камалып турган кыргызстандыктардын так саны тууралуу маалымат жок. Жазында орус бийлиги 115 миңден ашуун кыргызстандык жаран миграция эрежесин сактабай жүргөнүн эскерткен.

Тажикстанда ондон ашык кыргызстандык соттолуп, жазасын өтөп жатканы маалым болгон. (JsA)

XS
SM
MD
LG