Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Кыргызстан менен АКШ эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады


Руслан Казакбаев Узра Зея менен жолугушту. 14-апрель, 2022-жыл.
Руслан Казакбаев Узра Зея менен жолугушту. 14-апрель, 2022-жыл.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 14-апрелде АКШнын Мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея менен жолугушту.

Анда Кыргызстандын жарандары үчүн АКШ тарабынан визалык талаптарды либералдаштыруу маселеси көтөрүлгөнүн өлкөнүн тышкы саясат мекемеси кабарлады.

Маалыматка ылайык, Узра Зея Вашингтон Кыргызстанда демократиялык институттарды чыңдоого көмөк көрсөтүүгө, Сириядан алып келинген аялдарды жана балдарды реабилитациялоого жардам берүүгө даяр экенин айтты.

Коррупцияга каршы күрөшкө америкалык тараптын колдоо көрсөтүүсүнүн мааниси тууралуу да сөз болду.

Кыргызстан адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин сактай турганын билдирди.

Жолугушууда өлкөдөгү эркин жалпыга маалымдоо каражаттарын жана активдүү жарандык коомду бекемдөөгө байланыштуу пикир алмашуу болду.

Узра Зея жана Мамлекеттик катчынын майыптардын эл аралык укуктары боюнча атайын кеңешчиси Сара Минкара Кыргызстанда сапар менен жүрөт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG