Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Тажикстанда дээрлик тогуз жыл абакта отурган журналист бошотулду


Мухаммадюсуф Исмоилов.
Мухаммадюсуф Исмоилов.

Тажикстанда сегиз жыл 10 айдан бери абакта отурган журналист Мухаммадюсуф Исмоилов 16-апрелде Коженттеги түзөтүү жайынан эркиндикке чыкты. Бирок ага үч жыл журналистика менен алектенүүгө тыюу салынды.

Исмоилов "опузалоого" жана "алдамчылыкка" айыпталып 2013-жылы октябрда он жыл алты айга камалган. Андан бери Тажикстанда үч жолу мунапыс мыйзамы кабыл алынып, жаза мөөнөтү кыскартылган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Исмоилов бир аялдын жашыруун маалыматын ачыкка чыгарам деп, аны опузалап акча талап кылган жана 400 сомони алып жатканда кармалган.

Исмоилов айыптоолорду четке кагып, Согд облусундагы аткаминерлерди сындаган макалалары үчүн жергиликтүү бийлик өч алып жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG